“Супердин” тандоосу боюнча “2010-жылдын жаңырыгы” наамынын ээси Атай 12-февралда Украинада өткөн “Украина таланттар менен бай” деген теледолбоорго катышты. 30 миңдей катышуучулардын арасында Орто Азия боюнча жалгыз катышуучу Атай болгон. “Мистика мим” бийин көрсөтүп, максималдуу баа алды. Эми апрель айында ушул эле теледолбоордун финалына катышмакчы.