5-март күнү Орусияда Мухаммед пайгамбардын туулган күнүнө арналган Эл аралык “Мавлид ан-наби” фестивалы өтөт. Бул фестивалга Кыргызстандын атынан Жеңишбек Жумакадыр, Эмил Балтагулов жана Аалы Туткучев катышышмакчы. Алар өз тилинде пайгамбарды даңктаган ырларды аткаруусу керек. Андыктан сөзүн, обонун биргелешип жазып, “Мухаммед – ааламдардын сыймыгы” деген чыгарма даярдашты.