“Тамашоунун” “Юристтер” командасынын оюнчусу, Гу Чжун Пё атка конгон Кубат Кубанычбеков интернет аркылуу күйөрмандары менен байланышып турат. Алардын катарында бай кыздар да бар окшобойбу, кайсы бир күйөрман кыз Кубатка “Ферарри үлгүсүндөгү автоунаа белек кылайын деп жатам” дептир. Мындай сунуштан кийин тамашакөй жигит ырчы да болгусу келип кеткенби, айтор, “Тамашоунун” оюнчуларынан чогулган топ түзүп, ырчылык өнөрүн да элге алып чыгууну пландоодо.