Үйлөнгөн боюнча эле дымы чыкпай калган Ильяз кышы менен эс алып жатып, жаз алды менен жандана баштады. Дегеним, бир эмес, эки ыр жаратты. Бири “Таптым сени” деген аталышта, экинчиси “Кеттиң кайда?” деп аталат. Кызык, “Таптым сени” дегенине го түшүнсө болот, жан шеригин тапты, ал эми “Кеттиң кайда?” деп бала кездеги ашыгын эстеп кеткен го бала деп жоруп койдук. Анан да Ильяз 2-марттан баштап Орусиянын бир канча шаарларына концерт койгону жөнөп кетти. 10-мартта кайтып келген соң мекенибиздин жер-жерлерине турнеге чыгарын, үй-бүлө менен чыгармачылык чылбырды кошо кармаарын айтты.