Бир бүркүм... ПЕНСИЯ ЖОГОРУЛАЙТ...

  • Бишкектин автожолдорун оңдоо үчүн Кытай 25-30 миллион доллар жеңилдетилген насыя бермей болду.
  • Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 12 талаш жер участоктору бар.
  • Өлкөдөгү жалпы алкоголь ичимдиктеринин 65 пайызы көмүскө рынокто сатылат.
  • Жаратылыш газынын баасы эл үчүн 24 тыйынга арзандады. Ал эми коммерциялык жана бюджеттик ишканалар үчүн 25 тыйынга кымбаттаган.
  • Нарын облусу кыш мезгилинде малга кол салган карышкырлардын кесепетинен 4 миллион сом зыян тарткан.
  • “Манас” эл аралык аэропорту” ААКсынын бир жылдык таза кирешеси 703 миллион сомду түзгөн.
  • 2011-жылдын январь айында Кыргызстан Швейцария менен Бириккен Араб Эмираттарына 104 миллион доллар турган баалуу металл экспорттогон.
  • Таш-Көмүр шаарында казакстандык “Авинен” химиялык заводу курулмакчы.
  • 3-март күнү КРнын Мамлекеттик желегинин кабыл алынганына карата Бишкек шаарында жаштар жүрүш жасашты. Иш-чараны Жаштар иштери боюнча министрлик уюштурду.
  • 2010-жылы электр тармагында 12 578 кырсык болуп өттү.
  • 2011-жылдын май айынан тарта пенсия 100 сомдон 600 сомго чейин жогорулайт.
  • Энергетика министринин айтуусу боюнча, Токтогул ГЭСинин жана суу сактагычынын баасы 3 миллиард доллар турат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
bond
2011-03-10 13:19:28
25-30 млн канча проценттен берилип жатат ошолорду жазбайсынарбы. балдар биздин келчек деп эле карызга акча алып эле чиновниктер букадай семире беришет экен.
0
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан