“2011-жылы күйүүчү майдын баасы 50 сомго чыгып кетиши мүмкүн”,- дейт ЖКнын депутаты Азамат Арапбаев. Анын айтымында, орусиялык ишканалардын салыгы жок күйүүчү майы али күнчө Кыргызстанга жөнөтүлө элек.
“Азыр мамлекеттин эсебинде 6 миң тонна гана дизелдик май бар. Түштүктө көптөгөн күйүүчү май сатылуучу жайлар иштебей турат. Орусия жөнөтүүчү май 15-февралга чейин келиш керек болчу”,- дейт эл өкүлү.