КАДДАФИ «БАКИЕВГЕ КОҢШУ БОЛОМ» ДЕЙБИ?

Ливияда жарандык согуш башталып, өлкө эки лидердин ортосунда калды. Учурда чыгыш тарабы өкмөткө каршы күчтөрдүн колун­да болсо, ал эми борбор шаар Триполи Ливиянын лидери Муаммар Кадда­фи­нин көзөмө­лүндө. Каддафиге атаандаш болгон оппо­зиция Өткөөл өкмөттү курап, анын башчы­лыгына Абуд ­Ажлейль келди. Күн санап аларды колдоочулар көбөйүүдө.
Эл аралык ММКлардын маалыматына ылайык, бул аралыкта Муаммар Каддафинин учагы Беларустун аймагына келип кеткен. “Аны менен лидердин туугандары Беларуска учуп келишкен” дешүүдө. Ал эле эмес, башка дагы бир учак менен Каддафинин байлыгы
(3 миллиард долларга бааланган акча, алтын жана бриллиант) алынып келинген. Бирок бул сыяктуу ММКлардын маалыматын Беларустун ТИМи “чындыкка дал келбейт” деп билдирди.
Өлкөсүнө батпай калган ажолорду багып алууга көнүп калган Беларустун президенти Александр Лукашенко “куулган лидерлердин лагерин” ачууга ниеткер сымал. Буга чейин Кыргызстандын экс-президенти Курманбек Бакиевди чакырып алса, эми “Каддафи бала-чакасы менен Беларуска көчөт имиш” деген сөздөр тарай баштады.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
lider-kg
2011-03-05 11:01:20
Байкуш балким сенин куноон жоктур биз билип билбей сени жаман дегенден алыспыз
0
Adikalon
2011-03-05 18:21:25
Ээ куураган байкуштар эмне мынча ач-козсунор, Ач коздунордон элинерден куулуп башка элге байкуш болуп журо бергиле.
0
Marat Musabaev
2011-03-05 18:55:40
Он говорил Я ИЛИ ХАОС
0
asyl
2011-03-06 06:13:47
все это делает АМЕРИКА!!!
0
japarova
2011-03-07 08:27:38
oii kebetesinde ele jazilip turbaybi,KELESO dep! negizi kilarga iw jokta,populyarniy bolup ele jatsa xe xe xe!
0
shishka
2011-03-07 15:50:18
japarova keleso kishi padyshasyn kulatyp,mynchaga chein bashkaruuda olturmak emes.bir as oilonup jazsan
0
№ 435, 4-10-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан