28-февралда Токтогул районунун борборунда эл чогулуп, райондун акиминин кызматтан кетүүсүн айтышты. Былтыркы жылы жайында милиция менен болгон кагылышууда кармалган 11 адамды абактан бошотууну да талап кылышты. Райборборго боз үй тигип жайгашып алган митингчилер азык-түлүккө баалардын кымбатташына нааразычылыктарын да билдиришүүдө. Акимдин орун басары Мадаминбек Эшматовдун айтуусунда, пикетчилерди үчүнчү күчтөр башкарып жатат.