КҮЧҮҢҮЗДҮ СЫНАҢЫЗ!
Сиз футболго кызыксаңыз жана бул жаатта өзүңүздүн мыкты билерман экендигиңизди далилдеп, супер сыйлыктарга ээ болгуңуз келсе, анда “СМС-ФУТБОЛ” оюнуна катышууга чакырабыз.
ОЮН ЭРЕЖЕЛЕРИ
Сан сайын окурмандарга футболдук беттештердин тизмеси сунушталат. Каалоочулар ошол оюндар кандай натыйжа менен аякташы тууралуу алдын ала божомолдорун жөнөтүшөт. Оюн эсебин туура тапкан окурманга 3 упай, ал эми оюн жыйынтыгын туура тапкан окурманга 1 упай ыйгарылат. 3 айдын аягында жаздын чемпиону аныкталып, “Суперге” маек курат жана белгилүү ата мекендик футбол жылдызынын колунан эстелик белектерге ээ болот.
ӨТКӨН ТАПШЫРМАДАГЫ ОЮНДАРДЫН ЖЫЙЫНТЫГЫ:
«Ювентус» – «Милан» – 0:1
«Ливерпуль» – «Ман. Юнайтед» – 3:1
«Вулверхэмптон» – «Тоттенхэм» – 3:3
ЖАҢЫ ТАПШЫРМА:
12-мартта боло турган Англиянын кубогунун
“МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕД” – “АРСЕНАЛ”;
13-мартта боло турган Орусиянын чемпиондугу менен Италия “А” сериясынын
“ТЕРЕК” – “ЗЕНИТ”, “РОМА” – “ЛАЦИО”
оюндарынын жыйынтыгы кандай аяктайт?
Берилген тапшырма боюнча ГОЛ сөзү менен божомолдоруңуз камтылган смс-билдирүүнү 1050 номерине жөнөтүңүз.
Эскертүү: ГОЛ сөзү менен тексттин ортосунда сөзсүз боштук болуш керек.
Megacom, Nexi жана О! компанияларынын абоненттери үчүн 1 SMS баасы 43 сом.
Beeline жана Кател компанияларынын абоненттери үчүн 1 SMS баасы 0,90$.
Бардык салык төлөмдөрүн кошкондо. Техникалык колдоо – 0312 32-33-26.
Бул тапшырманын божомолдору 12-март, ишемби күнү кечки саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Анда эмесе чамдаңыз, “гол киргизип”, сыйлыктарга ээ болуңуз!