АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

КӨЛБАЕВДИН ЖАН-ЖӨКӨРЛӨРҮ КОЛГО ТҮШТҮ
8-мартта «кримавторитет» атыккан Камчы Көлбаевдин жигиттери: Протез деген лакап аты бар Азамат Шаршенов жана Байыш Сакеев кармалды. Мурда бир нече жолу соттолгон аталган кылмышкерлер атайын операциянын жүрүшүндө Бишкектеги Чыгыш-5 кичирайонунан колго түшүрүлгөн.
Азамат Шаршенов “2009-жылы милицияга кол салууга катышкан, куралдарын тартып алган” деп шектелип, издөөдө жүргөн. Үйлөрүн тинтүү учурунда Азамат Шаршеновдон 7-апрелде болгон окуяда Мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринен жоголгон Макаров тапанчасы табылды.

ӨЗ КЫЗЫН 7-КАБАТТАН ЫРГЫТЫП ЖИБЕРГЕН
Орусиянын Новосибирск облусунда сот өткөн жылдын сентябрь айында жаңы төрөлгөн кызын 7-кабаттагы батиринин терезесинен ыргытып жиберген кыргыз кызын сот жообуна тартты. Иликтөөдө белгилүү болгондой, Ж.К. аттуу кыз төрөгүсү келбей, туугандарынан жана тааныштарынан боюнда бар экендигин жашырып келген. 9-сентябрда 7-кабатта жашаган квартирасында төрөп, терезеден ыргытып жиберген. Анын абалын милицияда “психикалык жактан оор эмоционалдык абалда” деп аныкташкан.
5-мартта Дзержинский райондук соту “кылмыш кылгандыгы үчүн күнөөлүү” деп таап, түзөтүү колониясына 3 жылга эркинен ажыратты.

“КҮКҮК” ЭНЕ ИЗДЕЛҮҮДӨ
2011-жылдын 28-февралында Жайыл райондук Ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө белгисиз бирөөлөр тарабынан ташталган жаңы төрөлгөн баланын табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Кара-Балта шаарынын тургунунун айтымында, 28-февралда болжол менен саат 22:30да үйүнүн эшигинин коңгуроосун белгисиз бирөө каккан. Ал үйдүн подъездинде жарык жок болгондуктан, эшикти дароо эле ачышкан эмес. Сырттан баланын ыйлаганын укканда гана эшикти ачып, жуурканга оролгон наристени көрүшкөн. Жанынан балага керектүү буюмдарды, баланын туулган күнү жана салмагы жазылган кагазды табышкан. Азыркы убакта наристенин абалы жакшы жана керектүү көзөмөл жүргүзүлүүдө. Бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

ӨЗБЕКСТАНДЫК УУРУ ОК ЖЕДИ
2011-жылдын 4-мартында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун Өзбекстан менен чектеш жеринен мал уурдаган өзбекстандык үч жаран колго түштү. Кыргыз милиционерлери аларды токтотууга аракет кылышып, бирок буйрукка баш ийбей коюшканда эскертүү иретинде асманга, андан кийин алар тарапка ок атышкан. Ок атууда алардын биринин бутуна автоматтын огу тийген.
Иликтөө көрсөткөндөй, бул жарандар Ноокен районунун тургунунун 6 уюн уурдап, Өзбекстан тарапка алып кетүүгө аракет кылышкан.
Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын билдирүүсүнө таянсак, акыркы убактарда Кыргызстандын тургундарынын малын Өзбекстан жарандары уурдап кеткен учурлар көп кайталанууда.

101 билдирет

САРАЙ КҮЙҮП КЕТТИ
6-мартта Ош облусунун Өзгөн районунун Чымбай айылынын Чеченов көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин сарайынан белгисиз себептерден улам өрт чыккан. Анын кесепетинен сарайдын 80 чарчы метри жана 2 тонна чөп күйүп кеткен. Өрттүн чыгуусунун себеби аныкталууда.

ӨРТ ЭКИ КИШИНИН ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТТИ
2011-жылдын 8-мартында эртең мененки саат беште Майлуу-Суу шаарынын Ички иштер бөлүмүнө өрт өчүрүү кызматынан Көк-Таш айылында өрт болуп жатканы тууралуу кабар түшкөн.
Окуя болгон жерге Майлуу-Суу шаардык Ички иштер бөлүмүнүн опертобу жана шаардын прокурору барышкан. Өрт болгон жерден өрттүн кесепетинен каза болгон эки кишинин сөөгү табылган. Алар Базар-Коргон районунун 59 жаштагы тургуну А.А. жана 56 жаштагы жергиликтүү тургун Х.И. болуп чыккан. Алардын иске ууланып каза болгондугу такталды. Өрттүн келип чыгыш себеби изилденүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан