Атактуу ырчы Уитни Хьюстондун кызы Бобби Кристина Браундун кокаин колдонуп жаткан видеосу интернет булактарына чыгып кеткен. Кызыгы, бул маалыматты Кристинанын жигити тараткан экен. Ал Кристинанын көптөн бери баңгизатын колдонуп жатканын байкап, аны ушундай жол менен токтоткусу келгенин айткан. Өз кезегинде Уитни Хьюстон да баңгиликтен жапа чексе, атасы рэпер Бобби Браун баңгизатка байланыштуу темир тор артында да «күнөстөп» келген.