Мел Гибсон мындан бир нече жыл мурун Оксана Григорьевага болгон сүйүүсү үчүн аялы менен ажырашкан. Бирок арзуусу ачууга айланып кеткенби, Оксанадан кол үзүүгө мажбур болду.
Учурда көңүлдөшүн моралдык жактан зыян тарттырганы үчүн 300 миң доллар акчалай айып салынды. Гибсондун Оксананы бетке муштап, тиштерин түшүрө сындырганы белгилүү болгон. Мындан сырткары Оксана актёрду «жети айлык кызы Люссини багууга акча бербей жатат» деп айыптаган.