Ырчы Николай Басков менен алпаруучу Оксана Фёдорованын мамилесине чекит коюлду. Ажырашууга Оксана Фёдорованын кош бойлуулугу себеп болгон. Баланын атасы ким экендиги тууралуу көп имиштер жүрүүдө. Чын-төгүнүн сурагандарга Басков мындай суроолорго жооп бере албастыгын айтып, бала кимден болсо да, Оксана менен жылуу мамиледе дос бойдон каларын билдирген.