БЕНЗИН МЕНЕН КЕРОСИНДЕН УУЛАНУУ КОРКУНУЧТУУ

Бензин менен керосин – бат буулануучу жана бат күйүүчү заттар. Организмге дем алуу жолдору, тери, былжырлар жана ашказан-ичеги жолдору аркылуу кирет. Аталган заттар организмге киргенде уулануу келип чыгат жана анын коркунучу чоң.

Бензинди жутуп алганда уулануу күчтүү болот
Нефти продуктыларынын ичинен көбүнчө ар түрдүү чарба иштерине (сырга эриткич катары кошулууда, такты кетирүүдө, курт-кумурскаларды жок кылуу максатында ж.б.) бензин менен керосин колдонулат. Бул заттар уулануунун, алтургай өлүмдүн себепкери болуп калуусу мүмкүн.
Бензин учма зат болгондуктан, жеңил бууланат, дем алганыбызда буусу аба менен кошо өпкөбүзгө кирет. Андан канга кошулат. Туш тарабы жабык жайда кийимди бензин менен тазалоо же бензинди бөлөк идишке куюштуруу адамдын денсоолугуна кооптуу. Анткени, бензин бөлүкчөлөрү аба менен өпкөгө кирип, баш ооруну, баш айланууну, алсыздыкты, көңүл айлануу менен кусууну пайда кылат. Мындай кезде адам сыртка, ачык абага чыгууга аракет кылуусу керек.
Бензин териге жана былжыр челге тийгенде дүүлүгүүнү пайда кылат. Эгер кийимге бензин төгүлүп калса, анда тери күйүккө чалдыгат. Ошону менен катар бензин канга өтүп, организм бүт ууланат.
Адам бензинди жутуп алганда уулануу күчтүү болот. Ууланган адам кусат, ичи ооруйт, алсызданат, дем алуусу, жүрөк-кан тамырларынын иштөөсү бузулат жана жөөлүйт. Булар адамды өлүмгө алып келүүсү мүмкүн.

Керосин дары эмес. Андыктан, аны колдонууга болбойт
Баарынан да дарылык үчүн ичилген керосин коркунучтуу. Медицина боюнча түшүнүгү жок адамдардын ичинен тааныштарына керосин менен дарыланууну сунуштагандар чыгат. Өздөрү да түрдүү оору үчүн керосинди колдонушат. Ичилген керосин ашказандын былжыр чели менен ашказанды сезгентип, жабыркатып, ич өтүүнү жана кусууну пайда кылат. Ичилген керосин канга өтүп, баш мээнин клеткаларын зыянга учуратып, боорду, бөйрөктү катуу жабыркатат. Керосинге ууланган адамдын башы ооруп, айланып, кулагына үндөр угулат, титирейт, жөөлүйт, көзүнө ар нерселер көрүнөт.
Керосинге катуу уулануу адамды өлүмгө жеткирет. Мисалы, 62 жаштагы бишкектик адамдын өз үйүндө сөөгү табылган. Маркумду союп көрүшкөндө ашказанынан көп өлчөмдөгү керосин чыккан. Керосинден ууланып көз жумган маркум, көрсө, ооруганда медиктерге кайрылбай, өзүн-өзү керосин менен дарылап жүргөн экен.
Керосин дарылык касиетке ээ эмес. Андыктан, аны ичүүгө болбойт. Керосин менен ооруган жерди сүртүүгө да болбойт. Биринчи ирет сүрткөндө тери күйүккө кабылбашы мүмкүн. Бирок, экинчи ирет сүрткөндө тери күйүккө сөзсүз кабылаары турган кеп. Мындан тышкары, жараны да пайда кылышы ыктымал.

Ууланганда алгачкы жардам
Адам бензин же керосинге ууланганда алгач аны таза абага алып чыгуу керек. Ашказандагы керосин же бензинди чыгарыш үчүн анын кусуусу кажет. Анан соң ич өткөрүүчү каражат ичирилет. Бир нече муз кесегин жуткуруу да зарыл.Адам капталынан жаткызылат. Дем алышы оордоп баратса, жасалма дем алдырууга өтүү керек. Эң негизгиси, «Тез жардамды» кечиктирбей чакыруу кажет. Ооруканада эң алгач ашказан жуулат. Анан дарылоо башталат.

Даярдаган Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 301, 8-14-август, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан