Улуу муундун өкүлдөрү айтып жүрүшкөндөй, “азыркы ырчылар, өчүп-күйгөн лампочкадай” деген чын белем. Ырчы Эрмек Маматов продюсерсиз калгандыктанбы же башка себептери барбы, айтор, ырчылыктан алыстап кетти. Буга бир ыр жаздырбай, клип тарттырбай жүргөнү далил боло алат. Чыгармачылык эргүү келбей жатканын айткан Эрмектин “жалп деп өчүшүн” каалабаган күйөрмандар да чыкса керек. Андыктан Эрмекбайдын эртерээк жанданышын каалайлы.