Режиссёр Эрнест Абдыжапаров кино эмес, театр режиссёру болот. Тагыраак айтканда, эки жылдан бери Эрнест мырзага драматург Жаныш Кулманбетов бул кызматты сунуштап келген. Ал сунушту эми кабыл алып, учурда “Түнкү конок” аттуу спектаклдин үстүндө иштөөдө. Буюрса, ушул айда спектаклдин премьерасына күбө болобуз. Ал эми режиссёр тасманы таштабай турганы баарыбызга белгилүү да.