СЪЕЗДБЕК ЭКИ КҮН «КАФЕ» ИШТЕТЕТ

Съездбек “жакында “Менин жерим” деген кафе ачам” деген болчу. Көрсө, кафе ачпай эле, ошондой аталышта концерт берип, кафени жөн гана театрлаштырып көрсөтөт экен. “Көпчүлүк жөнөкөй концерттерден тажашты. Ошондуктан мен өзгөчөлүк киргизип, кафемди жашоодо эмес, сахнада ачам. Жалпыга кызыктуу болуш үчүн “кафе ачам” деп жар салып койгон элем”,- дейт ырчы.
Сахнадагы эки күндүк кафесинин ээси, музыканты өзү болсо, администратор жана бармени – Сакиш менен Камчы Сарыбаев. Ал эми официанттары – бийчи кыздар, келген ырчылар кардарлары болорун айткан Съездбек жерге-сууга батпай сүйүнүп жүрөт.
“Искеналиевдин 20-21-мартта өзгөчө өтчү концерти кафеде болобу?” деп таңданбай, түз эле Улуттук филармонияга бара бериңиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан