Бир бүркүм... АПРЕЛЬ ОКУЯСЫ БОЮНЧА СОТ УЛАНАТ...

  • “Кыргызгаз” ААКсы Өзбекстанга жаратылыш газы үчүн 3,4 миллион доллар карыз.
  • Ош облусунун жаңы прокурору болуп Айбек Турганбаев дайындалды.
  • Кыргызстанда Орусиянын Алтай аймагынан алынып келинген кедр дарагынын көчөттөрү отургузулду.
  • Айтылуу кинорежиссёр Эркин Рыспаев 6-март күнү көз жумду.
  • Кыргызстанда 300дөн ашуун орусиялык компаниялар ишмердүүлүк жүргүзөт.
  • ЖКнын “ата журтчу” депутаты Шарапаткан Мажитова башка жумушка орношуп жаткандыгына байланыштуу мандатын тапшырды.
  • 2010-жылы Акыйкатчынын институтуна 12 миңден ашуун жаран арыз менен кайрылган.
  • Быйылкы жылы 18-март күнү Апрель окуясы боюнча сот иши уланат.
  • Бишкек шаарынын “Ош базарынын” айланасынан мыйзамсыз орнотулган 878 соода орундары жок кылынган.
  • Укук коргоочулардын билдирүүсүнө караганда, Кыргызстан паракорчулук системасынын айынан бир жылдын ичинде
    700 миллион доллар зыян тартат.
  • Айдоочулук күбөлүктүн жаңы үлгүлөрү иштелип чыкты.
  • Туризм боюнча биздин өлкө дүйнөдө 107-орунду ээлеп турат.
  • Өлкөдө ВИЧ/СПИД оорусу бар 3385тей адам катталган.
  • Мамлекеттик спорт жана дене тарбия мамлекеттик агенттигинин директору болуп Умбеталы Кыдыралиев дайындалды.
  • Жаңы кабыл алынган мыйзам боюнча, күрөөканаларга эми лицензия алыштын кереги жок болот.
  • Жазгы талаа иштерине Кыргызстан күйүүчү май менен 30 пайызга гана камсыз болгон.
  • Кыргызстан экологиянын тазалыгы жагынан дүйнөдө 79-орунда турат.
  • Ош облусунда санитардык эрежелерге жооп бербеген мал базарлар жабыла баштады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан