БЭЭЖИН ОЛИМПИАДАСЫ

Катышуучуларынын саны боюнча «Бээжин-2008» башка бир да мелдешти алдына салбайт. Ал эми көрүүчүлөрүнүн саны жагынан ага футбол боюнча Дүйнө жана Европанын биринчилиги гана тең ата боло алат. Кылымдарды карыткан, 4 жылда бир болуучу жайкы Олимпиадалык оюндар бүгүн Бээжинде старт алат. Бул тууралуу кененирээк баян төмөндө...

ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
XXIX жайкы Олимпиадалык оюндарынын мелдештери Бээжинден сырткары Гонконг, Тяньцзин, Циндао, Циньхуандао, Шанхай жана Шэньян шаарларында да өткөрүлөт. Август айынын сегизинде (08.08.2008) Олимпиада Бээжин убакыты менен саат 8ден 8 мүнөт өткөндө старт алат жана бул бекеринен эмес. Кытайда “8” саны бакыт коштогон сан деп саналат. Андыктан, буга ишенген кытайлыктар Олимпиада алар үчүн эң ийгиликтүү мелдеш болуп калаарына ишенич билдиришүүдө. Нумерология боюнча “8” саны Уран планетасына таандык болуп, ийгиликти, оригиналдуулукту, бошонууну жана кайра жаралууну чагылдырат. Мындай оригиналдуулукту Олимпиаданын отунун салтка айланган эстафетасы буга чейин болуп көрбөгөндөй 150 өлкөнү өзүнө камтып, 137 миң километр аралыкты басып өткөндүгүнөн байкасак болот.
Олимпиадалык оттун эстафетасында кытайлыктар өзүлөрүнүн улуу ачылыштарынын бири болгон кагазды мыкты пайдаланышты. Кагаздан түтүккө окшотуп жасалган факел бүт дүйнөнү айланып, Жуңгого ийгиликти чакыргандай. Ошондой эле кытайлыктар ийгиликке жетишүү максатында Олимпиадалык медалдардын курамына Кытайда сыйкырдуу деп саналган баалуу нефрит ташын кошушкан. Кызыгы, Олимпиаданын жабылышында тасмалары “Оскарга” бир нече жолу көрсөтүлгөн Имау Чжан укмуштуу шоу тартуулайт. Бул шоу туптуура 8 мүнөткө созулмакчы.
Айта кетчү нерсе, спортто “өз үйүндө дубалдар да жардам берет” деген кеп бар. Бул жагынан алып караганда да, Кытайдын атактуу дубалдарына сөз жок.

ЭМБЛЕМАСЫ, ДЕВИЗИ ЖАНА ИЙГИЛИКТИН “БАЛДАРЫ”
Бээжин Олимпиадасынын эмблемасы 2003-жылдын августунда бекитилип, “Бийлеп жаткан Бээжин” деп аталган. Эмблема Кытайды мүнөздөгөн традициялык элементтерди: кызыл түстү жана спортчуну чагылдырган “jing” иероглифин камтыйт.
2005-жылдын 26-июнунда Пекиндин Олимпиадалык комитети: “Олимпиадалык оюндардын девизи “Бир дүйнө – бир кыял” фразасы болот”,- деп жарыялаган. Ал эми 2005-жылдын 11-ноябрында Олимпиададан 1000 күн мурда “оюндардын талисманы ийгиликтин “балдары” (кытайча – “фува”) болот” деп чечим кабыл алынган. Кытай философиясы боюнча ийгиликтин “балдары” бешөө: Бэй-Бэй, Цзин-Цзин, Хуань-Хуань, Ин-Ин жана Ни-Ни. Булар балык, панда, от, тибеттик антилопа жана чабалекейди чагылдырат. Алардын ар биринин биринчи муундарын аталган тартипте айтса, “Beijing huanying ni!” фразасы келип чыгат. Мунун котормосу “Бээжинге кош келиңиздер!” дегенди билдирет.

АЧЫЛЫШ АЗЕМИ
Уюштуруучулар соңку сааттарга чейин ачылыш аземи кандай болоорун сыр кылып сакташса да, анын айрым жактары белгилүү болуп калды. Алсак, үч жарым саатка созулган “Цивилизация жана Гармония” аттуу спектаклде 5 миң жылдык Кытайдын тарыхы чагылдырылмакчы. Көрүүчүлөргө тартуулануучу мындай шоуда башкаармандардын ролун кунг-фу чеберлери, бий топтору, акробаттар жана пандалар аткарышмакчы. Ачылыш салтанатка атактуу ырчы Селин Дион катышат.

МЕЛДЕШТЕР
Бээжин Олимпиадасынын программасы “Афины-2004” Олимпиадасына окшош. Мында спорттун 28 түрү боюнча 302 комплект (165и эркектер үчүн, 127си аялдар үчүн жана 10у аралаш) медаль ойнотулат.

БУЛ ДА “БЭЭЖИН-2008” ЖӨНҮНДӨ

  • Кытай өкмөтүнүн өкүлү Лю Чжинин айтымында, Олимпиадага Бээжин шаарын даярдоого 44 миллиард доллар сарпталган. Бул каражат 2001-2008-жылдар аралыгында, негизинен, спорттук объекттерди курууга, инфраструктуранын жана унаа системасынын өнүгүшүнө жумшалса, каражаттын жарымы эле экологияны жакшыртууга кеткен.
  • Олимпиада үчүн, жалпысынан, 6,8 миллион билет чыгарылган. Алардын ичинен 75 пайызы кытайлыктар үчүн болсо, калгандары катышуучу өлкөлөрдүн олимпиадалык комитеттерине таратылган. Билеттер 5-майдан 1-августка чейинки 4 этаптан турган мезгилде сатылып, баасы 15тен 117 долларга чейин болду.
  • Бээжин Олимпиадасында сырткы келбети шек туудурган кыздар секс көзөмөлдөн өтүшөт. Жынысты аныктоочу сыноонун максаты 2006-жылы Дохада өткөн Азия оюндарындагыдай абалдын алдын алуу болуп саналат. Ошондо күмүш медалга ээ болгон жеңил атлетчи кыз Санти Саундарайян эркек экендиги кийинчерээк аныкталган эле. Адистер тест учурунда процесстин моралдык-этикалык жагына өзгөчө көңүл бурулаарын билдиришкен.
  • Бээжин Олимпиадасынын эң улуу жаштагы дебютанты 60 жаштагы австралиялык Лори Левер болмокчу. Ат спорту менен 10 жашынан алектене баштаса да, анын айтымында, Олимпиадада медаль үчүн күрөшө турган аргымакка жакында гана ээ болуптур.

Даярдаган Базарбек Абдураимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 301, 8-14-август, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан