БАТКЕНДЕ ТЕРРОРЧУЛАРГА КАРШЫ БОРБОР АЧЫЛАБЫ?

АКШга барган сапарында президент Роза Отунбаева Баткен облусунда террорчулукка каршы борборду түзүү үчүн каржылык колдоо сурады. Анын айтымында, Тажикстандан капысынан террорчулар басып кирсе, КРнын Чек ара кызматы да каршылык көрсөтүүгө чамасы жетишсиз. “Мен кыргыз-тажик чек арасы боюнча тынчсызданам, анткени Кыргызстан чек арасынын ар бир чакырым аймагында үчтөн гана күзөт турат. Ошол эле учурда Тажикстандыкы 7, ал эми Өзбекстандын 12 күзөтү бар”,- деди мамлекет башчы.
Роза Отунбаева 5-январь күнү атайын кызмат террорчуларды колго түшүргөнүн айтып өттү. Анда террорчулар “Манас” аэропортундагы аскердик майданга жана Кыргызстандагы АКШнын элчилигине кол салууга аракет жасашканы маалымдалат.
Эскерте кетсек, Баткенде террорчулукка каршы машыктыруу борбору былтыркы жылы ачылары жана АКШ ага 5,5 миллион доллар бөлөрү белгилүү болгон.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан