“Кыргызстан өзү баңги бизнеси менен күрөшүүгө алы жетпейт”,- деп Баңгизатты көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасы Виталий Орозалиев айтты. Анын айтымында, ал үчүн кыргыз кызматынын каражаты жана техникалык жабдуулары жетишсиз. Ал эми Мыйзамсыз баңгизаты менен күрөшүү боюнча Борбор Азиялык маалыматтык борбордун директору Бексултан Сарсеков: “Кыргызстан аркылуу дүйнөдөгү эң күчтүү баңги каналдардын бири өтөт”,- дейт.
Виталий Орозалиев, эл аралык талапка ылайык, ал жетектеген орган мамлекеттик колдоого муктаж экендигин билдирди.