Чүй облусунун Беловодск айылындагы тарбияга муктаж болгон балдар жана өспүрүмдөр үчүн атайын жатак-мектеби бизге кайрылды. Ага тарбиячы Бакыт Курманов: “Бизде 50 өспүрүм тарбияланат. Баарынын тагдыры өзгөчө. 16 жашка чыкканча биз тарбиялайбыз. Көпчүлүгү эч кимиси жоктор. Кызматкерлердин эмгек акысы, балдардын тамак-ашына мамлекет тараптан жетиштүү акча бөлүнөт. Алар жетиштүү. Бирок биз кийим-кечек, гигиеналык каражаттарга келгенде кыйналып жатабыз. Эгер демөөрчүлөр чыкса, жардам сурайт элек”,- дейт.