Саятчы Адахан Мадумаров 9-март күнү 46 жашка чыкты. Бул күндү Адахан мырза үй-бүлөсүнүн кашында белгиледи. “Туулган күнүмдү өзгөчө майрамдаганга ашыкпайм, анткени шаан-шөкөттү көп жактыра бербейм. Мен үчүн үй-бүлөм менен жайыл дасторкондо бирге болуунун өзү – чоң майрам”,- деп билдирди. Ошентсе да коомдук ишмер көптөгөн куттуктоо сөздөрүн угуп, туулган күнүн жакшы маанай менен тосуп алды.