«МИЦУБИСИНИН» ТАРЫХЫНАН

Тиби – Коомдук компания
Девизи – «Биздин максат – сиздин кооп­суздугуңуз жана айдоодон рахаттанууңуз»
Негизделген жылы – 1970
Штаб-квартирасы – Токио (Жапония)
Бир жылда акча айлантуу өлчөмү – $18,25 миллиард (2006)
Кирешеси – $793 миллион (2006)
Кызматкерлеринин саны – 34 миң 900 адам

«Мицубиси» жөнүндө
Үч кызыл ромбиктен турган жылдызчаны ким билбейт? Баары билет. Бул – жапониялык суперкорпорациянын эмблемасы. 138 жылдан бери өкүм сүрүп келаткан “Mitsubishi” империясы бүт дүйнөгө кеңири белгилүү. Күнүмдүк турмушта “Мицубиси Ойл”, “Мицубиси Электрик” жана “Мицубиси Моторс” компанияларынын продукцияларына туш болуп эле келебиз. Өз кезегинде автоунаа сүйүүчү­лөрүнө атал­ган концерндин автоунаалары кызык болоору талашсыз.
1870-жылдары Жапонияда узакка созулган феодалдык өзүн-өзү изоляциялоо мезгили аяктаган соң жаш ишкер Ятаро Ивасаки «Tsukomo Shokai» аттуу буу кемелерин иштеп чыгаруучу компаниясын негиздейт. 5 жылдан кийин бул компания “Mitsubishi Mail Steamship Company” (“Мицубиси почта ташуучу буу кемелерди чыгаруучу компаниясы”) деп аталып калган. Ошентип, кийинки компаниялардын негизи болгон “Мицубиси” империясы калыптана баштайт.
Дүйнөгө таанымал соода маркасынын логотибинин аталышы, ага негиз салган үйбүлөлөр: Ивасаки жана Яманоучилердин биригишинен пайда болгон. Жапончо “мицу” – “3”, “биси” – “алмаз” дегенди түшүндүрөт. Бул жерде аталган эки үйбүлөнүн тең мөөрүндө үч жалбырак чагылдырылгандыктан, алар түптөгөн ишкана “Үч алмаз” деп аталып калган.
“Үч алмаз” деп аталган компания алгач суу кемелерин чыгара баштаган. Буга Жапониянын жаратылыштык орду да таасирин тийгизбей койгон эмес. Ивасаки үйбүлөсү башкарган жаш компания бара-бара өлкөдөгү ар тараптуу ишканалардын бирине айланган. Экинчи дүйнөлүк согуштун алдында кеме чыгаруудан башка банк ишмердиги, транспорт кызматы, кен байлыктарды казуу, кыймылсыз мүлк агенттиги, химия өндүрүшү жана башка көптөгөн иштер менен алектенип калган. Компаниянын учурдагы ишкердик духу, коом алдындагы жоопкерчилик жана ишеничтүү унааларды иштеп чыгаруу сапаттары ушул мезгилдерде калыптанган.
Компаниянын автоунаа иштеп чыгаруудагы умтулуулары 1917-жылы өз жемишин берип, Жапониядагы 1-сериялуу жеңил автоунаа “Model-A” маркасы иштелип чыгат. 4 жыл гана чыгарылган бул машина жапон коомчулугунун жогорку баасына татып, 1922-жылы Жапониянын дүйнөлүк көргөзмөсүндө башкы экспонат болот. Ошентип, мындай модель “Мицубисиге” өлкөдөгү негизги автоунаа өндүрүүчү компаниялардын бирине айлануусуна өбөлгө түзгөн.
1931-жыл “Мицубиси” компаниясы үчүн өзгөчө жыл болот. Жапонияда 1-жолу автоунаа үчүн дизелдик кыймылдаткыч пайда болгон. Кийинки жылы компания келечекте үлгүгө айланган өзүнүн 1-автобусу “В56ны” коомчулукка тартуулаган.
1957-жылы “Мицубиси” 1-ири автоунаа экспортун ишке ашырып, Чили өлкөсүн 600 автобус менен камсыз кылган. Ушул сыяктуу операциялар Экинчи дүйнөлүк согушта бүлгүнгө учураган экономиканы көтөрүүгө салым кошпой койгон эмес. Мындай кырдаалга ыңгайлашкан компания узак убакыт сарамжалдуу машиналарды чыгарууну көбөйткөн.

Жеңил автоунаалардын мезгили
1960-жылдардан баштап Жапониянын экономикасынын өнүгүшү менен бирге эле калктын кирешеси өсөт. Көпчүлүк автоунаа сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. Жеке машиналуу болуу кыялы дээрлик ар бир жапониялыкты унаа сатып алууга түрткөн. Натыйжада, калктын калың катмарына “Mitsubishi 500” машинасы тартууланган. Ал автоспорт боюнча “Макао Гран-Присинде” жеңүүчү аталып, компаниянын жогорку сапатын дагы бир ирет тастыктаган

«ММС»
Автоунаа чыгаруу кирешелүү бизнеске айлана баштаган чакта 1970-жылы “Мицубисинин” автоунаа чыгаруучу бутагы өз алдынча ишкана болуп, учурдагы “Mitsubishi Motors Corporation” (“MMC”) компаниясы негизделген. Эми “MMCтин” өнүгүшү үчүн илимий-изилдөө жана өндүрүштүк базасы жолго коюлуп, автоунааларды тейлөө кызматына өзгөчө көңүл бурула баштайт. “ММС” дүйнөлүк ири автоөндүрүүчү компаниялардын бири болууга умтулуп, маанилүү эл аралык иш-чараларга демөөрчүлүк кыла баштаган.
“Mitsubishi Motors” бул багытта 1984-жылы Сараеводогу (Югославия) Олимпиаданын башкы автоунаа камсыздоочусу болгон. Ушул жылдары чыгарылган “Mitsubishi Pajero” жол тандабасы эң ийгиликтүү унаалардын бири болуп саналат. Ал 1983-жылы эң оор жана кооптуу деп эсептелген Париж-Дакар автожарышында марафондо жеңип чыгат. Кийинчерээк көптөгөн өлкөлөрдө “Pajero” бир нече жолу мыкты машина деп табылган. Ошентип, аталган үлгүдөгү машина дүйнөгө атагы чыгып, чыныгы легендага айланган.
2001-2005-жылдары атактуу Париж-Дакар автожарышында катары менен 5 жолу командалык эсепте жеңүүчү аталган. Натыйжада, “ММС” ал мелдештин эң ийгиликтүү компаниясы наа­мына арзыган.
Бүгүнкү күндө “ММС” дүйнөнүн 32 өлкөсүндө орто эсеп менен жылына 1 миллион 600 миң машина иштеп чыгарат. Анын ири заводдору Францияда, Нидерландыда, Тайландда жана Орусияда ийгиликтүү иш алып барууда.
Учурда “Мицубиси” дегенде авто­сүйүүчүгө 1-кезекте “Pajero” (“Жип”) унаасы жана анын “биртууганы”, “Жип” менен чакан автобусту айкалыштырган “Delica” эске келет. Капчыгы калың, салабаттуулар үчүн “Diamant” жана “Debonair” бар. Ал эми жаштарга “Eclipse”, “GTO” жана “Lancer Evolution” абдан ылайык болоору талашсыз. Ошондой эле “Мицубисинин” үй тиричилигине ыңгайлашкан “Colt”, “Galant”, “Lancer”, “Mirage”, “Chariot”, “RVR-Space Star” жана “L200” бар. Жүк ташуучу машина жана автобустардан “Canter”, “Fuso” жана “Jupiter” баарына белгилүү. Айтор, баары бар.


Рулдагы жылдыз

Эмиль Токтогонов: «БИР КҮН ДА МАШИНА АЙДАБАЙ ТУРА АЛБАЙМ»

Биздин бүгүнкү каарманыбыз – КРнын Тай бокс федерациясынын алдындагы Вале тудо бөлүмүнүн президенти Эмиль Токтогонов. Жаш спортчуларга колдоо көрсөтүп келаткан каарманыбыз спорттон тышкары мыкты автосүйүүчү да болуп чыкты.

Токтогонов Эмиль Нурдинович
1981-жылдын 11-августунда Кочкор районунун Карасуу айылында төрөлгөн.
Бою 172 сантиметр, салмагы 75 килограмм.
Спорттогу жетишкендиктери: панкратион боюнча Азия­нын 4 жолку чемпиону (2002, 2005-2007-жылдар). Евразиянын Кубогунун ээси (2006), Тай бокс боюнча Казакстандын президентинин кубогунун ээси (2005).
Беттештерге “Шаман” кличкасы менен чыгат.
Бишкек Медициналык орто окуу жайын жана КМДТСАны бүтүргөн.
Үйбүлөлүү, бир кыздын атасы. Учурда Бишкекте жашайт.

– Эмиль байке, канча жылдан бери рулдасыз?
– Машинаны 6-классымда эле айдай баштагам. Үйбүлөдө 5 биртуугандын эң кичүүсүмүн. Байкелеримдин баарынын машиналары болгондуктан, машина айдап эле чоңойдум. Болгондо да бардык түрлөрүн: “Волга”, “Жигули”, “Москвич” жана трактор. Көбүнчө өзүм кичинекей болгондуктан, байкелеримдин алдына отуруп алчумун. Кийин эки жылдан кийин айдап кеткем. Көп айдабасам да, майда-чүйдө жактарга айдап калчумун. Мисалы, машинаны жуудуруп келүү керек болгондо. Ал эми профессионал катары рулда отурганыма 4 жыл болду.
– Бул сиздин канчанчы машина­ңыз?
– Бул менин үчүнчү машинам. Айдап жүргөнүмө 6 ай болду. Буга чейин 4 жылдай алгач “Ауди 100”, кийин “Ауди 80” мингем.
– Бардык машиналарыңызды өзүңүз иштеп тапкан акчага сатып алгансыз да, ээ?
– Ооба. Алгачкы машинамды беттештерден алган гонорарларымды чогултуп, айылга кой-мал багып, анан сатып алгам. Кийинкилерин алмаштырганда дагы үстүнө акча кошуп дегендей... “Мицубисимди” атайын Жапониядан заказ берип алдыргам. Өзү 1998-жылы чыгарылган. Баасы 6 миң доллар.
– Эмне үчүн дал “Мицубисиге” токтолуп калдыңыз?
– Былтыр 3 ай келишим боюнча Орусиянын Приморье аймагында машыктыруучу болуп иштеп калдым. Ошондо мага кызматтык “Тойота Калдина” машинасын беришкен. Мурда мага жапониялык үлгүдөгү машиналар жакчу эмес. Аларды тоготчу эмесмин. Бирок, ал жакта жүрүп мындай машиналарга кызыгып калдым.
– Сизге “Мицубисинин” кандай сапаттары жакты?
– Мен ал жакта жүргөндө “жапониялык машиналар аскердик заводдордо жасалып, мыкты сапаттуу жана сарамжалдуу” деп уккам. Буга аз убакыттын ичинде өзүм да ынандым. Ошондой эле “Мицубисиде” коопсуздукка өзгөчө көңүл бурулгандыгы таңкалтырды.
Жакында үйбүлөм менен айылдан келаткам. Кочкор-Бишкек жолунда 160 ылдамдыкта бараткам. Кокусунан алдыңкы дөңгөлөк жарылып кетип жатпайбы. Эгерде башка машинада болсок, мүмкүн, кырсыкка кабылмакпыз. А “Мицубиси” тоголонуп кетүүнүн ордуна автоматтык түрдө акырындык менен токтоп, абалдан аман чыгып кеттик. Ошондой эле ысык аптапта анын климатты көзөмөлдөө системасы аябай ишке жарап жатат.
– Жогорку ылдамдыктын сүйүү­чүсү окшойсуз...
– Ооба, мага машинаны зуулдата айдоо аябай жагат. Мүмкүнчүлүк болду дегенде эле жогорку ылдамдык менен айдап, рахат алам. Кудай сактасын, рулда кырсыкка кабыла элекмин. Негизи эле, спортчулар мыкты айдоочулар деп ойлойм. Алар мыкты реакцияга жана сезип туя билүүгө ээ болушкандыктан, рулда өздөрүн ишенимдүү сезишет.
– Эгер жогорку ылдамдыктын сүйүүчүсү болсоңуз, МАИчилер менен мамилеңиз кандай болду экен?
– МАИчилер менен мамилем жак­шы. Алар тоскондо айдоочулук күбөлүгүмө кошо спортчу экендигимди тастыктаган күбөлүгүмдү көрсөтө коём. Алар спортчуларды сыйлашат. Ошентсе да кээде “сени кечээ сыналгыдан көрдүм, кантип эле акча жок болсун?!” деген учурлар да болот.
– Машинанын түсүнө көңүл бурасызбы?
– Албетте. Мен бул машинамды алаарда атайын күмүш түстүүсүн заказ кылгам. Менин билишимче, “Мицубиси” компаниясы 1997-2005-жылдары “Галант” үлгүсүндөгү унааларды акула сыяктуу иштеп чыгарышкан. Ошондуктан, учурдагы машинам “Акула” кличкалуу болуп, «видухасы» акулага окшош.
– Акыркы жолу маршруткага түшкөнүңүз эсиңиздеби?
– Эсимде жок. Акыркы жолу машинамды сырдатып жүргөндө мындан 2 ай мурда түшсөм керек. Негизи эле, бир күн машина айдамайынча тура албайм. Мелдештерге катышып, бир нече күн чет өлкөдө жүргөн күндөр болуп калат. Андайда машинамды сагынып, келген соң багына толтура май куюп алып, Бишкекте жөн гана айдап жүрө берем.
– Азыркы учурда эс алуу сезонунда эмне менен алектенүүдөсүз? Машыгуулар жана жумуш токтоп калгандыктан, машинаны сейрек айдап калсаңыз керек...
– Азыр бир аптадан бери таксист болуп иштеп жатам. Окуучуларым убактылуу эс алууда. Мелдештер өтпөй жаткандыктан, ушинтип шабашка кылып жатам. Көрсө, жакшы эле түшөт турбайбы. Азыр күндүз уктайм да, түнкүсүн иштейм.
– Точкаларыңыз кайсы жерлер?
– Абдрахманов-Ахунбаев көчөлө­рү­нүн кесилиши жана жаңы автобекет.
– Рахмат. Ишиңизге ийгилик!

«МИЦУБИСИ Галант»
Узундугу (мм) ....................................... 4865
Туурасы (мм) ....................................... 1840
Бийиктиги (мм) .................................... 1485
Кыймылдаткычынын көлөмү (см3)..... 2378
Орундардын саны .............................. 5
Кубаттуулугу (ат күчү) ........................ 158
Салмагы (кг) ....................................... 1985
Максималдуу ылдамдыгы (км/саат) .. 200
Май чыгымдоосу (л/100км):
Шаар ичинде ...................................... 13,5
Трассада ............................................. 7,2
Аралаш ................................................ 9,5
Мунай багынын өлчөмү (л) ................ 67

Бетти даярдаган Базарбек Абдураимов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 301, 8-14-август, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан