ЖКнын “республикачыл” депутаты Исхак Пирматов “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаевдин мандатын жана кол тийбестигин алууну айтып чыкты. “Эгерде Өмүрбек Текебаев менин коррупциялык иштерге тиешем бар экенин далилдей алса, мен мандатымды тапшырууга даярмын”,- дейт эл өкүлү.
Өмүрбек мырзанын КТРКга берген маалыматына таянсак, Пирматов “Кыргызнефтегаз” ишканасынын жетекчиси болуп турганда коррупциялык иштерге тиешеси болгонун айткан.