Жогорку Кеңештин төрагасынын фондунан 1 миллион сом Баткен облусунда төрөлгөн үч эм баланын үй-бүлөсүнө бөлүнүп берилмей болду. Депутаттар “жаш үй-бүлө өздөрүнө үй салып алсын” деген максатта каражат бөлүүнү чечишти. Жаңы төрөлгөн ымыркайларды Өкмөттүк коалицияга кирген партиялардын лидерлеринин урматына Алмазбек, Өмүрбек жана Ахматбек деп атап коюшуптур.