МАСАЛИЕВ АКТАЛДЫ, СЫДЫКОВ ШАРТТУУ КЕСИЛДИ

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда 10-март күнү Исхак Масалиев менен Үсөн Сыдыковдун үстүнөн сот иши болуп өттү. Анда кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу экс-депутат Исхак Масалиев толук акталып чыкты. Ал эми “массалык баш аламандыкты уюштурууга тиешеси бар” деген күнөө менен Үсөн Сыдыков 6 жылга шарттуу түрдө кесилди.
Президенттик администрациянын мурдагы башчысынын жаш курагы 68 жашка барып калгандыгына байланыштуу ушундай өкүм чыгарылгандыгы маалым болду. “Сот Үсөн Сыдыковго эң төмөнкү жазаны берүү керек деп эсептейт”,- дейт сот Кымбат Архарова.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
imperator
2011-03-11 19:24:57
Атасын тартканда ушул бала,элдин жүгүн аркалайт эле,мынтип жок абройду дагы айрандай токпой. Биздин сотторго соз жок. Акчадан кыстарып койсон,актап коюшат бат эле.
0
arlekino
2011-03-16 12:53:03
Масалиев жонундо коп деле маалыматым жок бирок Усон Сыдыковтун кебетесинде эле жазылып турат ким экени...ээ кудай сакта ушундай адамдан
0
№ 436, 11-17-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан