УИЛЛ СМИТ

Алгач фантастикалык мушташ кинотасмалар менен атактуулукка жетип, кийин “кинодо бир гана комедия жанрын жактырам” деген актёр Уилл Смит быйыл “Fobers” журналынын иликтөөсүнүн негизинде “Эң көп гонорар алган актёр” деп табылды. Анын киного тартылуудагы бир жылдык кирешеси 80 миллион долларды түзгөн. Бул жетишкендиктери анын күйөрмандарынын кызыгуусун дагы бир топко арттырды десек жаңылыштык болбос...

Толук аты-жөнү Уиллард Смит II
Туулган күнү1968-жыл, 25-сентябрь, саат 10:30
Боюнун узундугу 189 сантиметр
КарьерасыАктёр, продюсер, композитор, рэп ырчысы
ЖубайларыШерри Зампино Смит (ажырашкан, бир уулу бар), Жаде Пинкетт Смит (бир уул, бир кызы бар)
Тартылган тасмаларынын саны79
Билген тилдериАнглис, испан

«Ханзаада» кличкалуу Уилл
Атактуу актёр жана музыкант Уилл Смит 1968-жылы 25-сентябрда Американын Пен­сильвания штатындагы Филадельфия шаарында төрөлгөн. Атасы Уиллард Смит I жеке ишкер, апасы Керолайн мектеп мугалими болгон. Андыктан, атагы алыска тарачу болочок жылдыз жаш чагында турмуштун анча-мынча оорчулуктарын башынан өткөргөн. Жөнөкөй үйбүлөдө өскөн 4 биртуугандын экинчиси Уилл жаш кезинен эле зирек чыгат. Анын “Ханзаада” деген кличкасы да ошол кезде эле жакындары арасында айтыла баштаган. Себеби, болочок актёр таттуу тили жана жылдыздуу жүзү менен баарынын маанайын көтөрүп, жадакалса урушуп жаткан кишини да күлдүрүп жиберчү.

Рэп ырчысы жана биринчи миллион
Уилл Смит мектеп жашынан эле рэп менен алектенип, ыр дүйнөсүнө аздан аралаша баштайт. Балалыгындагы “Ханзаада” кличкасын сахнада чыгармачылык псевдоним катары колдонуп, кийинчерээк жакын досу белгилүү рэп ырчысы Жефф Таунс менен биргеликте «DJ Жаззи Жефф жана Мыкты Ханзаада” деп аталган топ түзгөн. Тар чөйрөдө эл алдына чыкканда таптакыр тартынуу дегенди билбеген болочок ырчы ошол кезде эле бир топ кыздардын жүрөгүн ээлеп, күн сайын жаңы кыз менен сейилдөөнү адатка айландырып алат. Кийин топтун алгачкы эки альбомунун бири “Мен рэп ырчысымын” ырлар жыйнагы “Грэмми” сыйлыгына татып, атактуулукка карай кадамдар арбыйт. Ошентип, ырчылыктын артынан 18 жаш курагында араңдан чогултуп тапкан биринчи миллион долларын Уилл Смит жеке кызыкчылыгы үчүн жумшоону чечип, көңүл ачууга, үй, машина жана алтын-күмүш жасалгаларын сатып алууга коротуп жок кылат. Андан көп узабай эле аталган топ ырчылардын изденүүсү токтоп калганына байланыштуу тарап кетет.

Кино дүйнөсү
1989-жылы Уилл Смитке Куинси Жонс аттуу кинорежиссёр тасмага тартылуу сунушу менен кайрылат. Жыйынтыгында, актёрдун катышуусундагы “Бель-Эйрдик мыкты Ханзаада” аттуу сериал жарыкка чыгат. Бул көп сериялуу кинотасма 6 жыл бою экрандан түшкөн эмес жана мунун натыйжасында актёр чогулуп калган салыктарынан, карыздарынан кутулууга мүмкүнчүлүк алат. Биринчи эмгегинен эле таланттуу экендигин далилдей алган Смитти «NBC» телекомпаниясы жактырып, дароо кийинки фильмдерде роль жаратуу боюнча келишимге кол коюшат.
Чыныгы атактуулук актёрго “Тентек балдар”, “Боштондук күн” кинотасмаларынан кийин келген. Ар бир тасмага тартылуусу үчүн актёр 5 миллион долларлык өлчөмдө гонорар талап кыла баштайт. Бир гана кино тармагында жетишкендиктерди багындырбастан, 1997-жылы кайрадан ырчылыкка кайрылып, 4 жылдык тыныгуудан соң жаңы ырлары менен дүйнө элин дагы бир козгоп өтөт.
Актёр кинокарьерасында өзүнүн жаңы­лыш­ты­гы катары “Матрица” фильминдеги башкаармандын ролун жаратуу сунушун четке какканын эсептейт. “Мен элдин элесинде өзгөчө сакталууга болгон чоң мүмкүнчүлүгүмдү бошотуп жибердим. Карьерамда бир гана өкүнгөнүм ушул”,- дейт бул тууралуу Уилл. Дагы айта кетчү нерсе, актёрдук кесиби Уиллдин жандүйнөсүнө да чоң өзгөрүү киргизген. Камера алдында айтылуу америкалык боксчу Мохаммед Алинин ролун жаратуу менен кийин анын образынан чыга албай, ислам динин да тутуп, мусулман экендигигин жар салып чыгат. Бирок, кийинчерээк кайсы динди тутуп жүргөнүн элге айтуудан таптакыр баш тартып, азыркыга чейин сыр кылып келет.

Үйбүлө
Уилл Смит жеке жашоосун да көңүлсүз өт­көрүүнү каалабайт. Себеби, мектеп жа­шынан бери эле сулуу кыздардын кө­ңүл борборунда болуп, алардын сүйүүлөрүн башкарууга көнгөн. Алтургай болочок актёрдун “мени мектепте үч классташым талашып жүрүп чачташып да кетишкен эле” деген эскерүүсү бар. Кийин эс тартып, сүйүү сезимдери, балалык ойноок мүнөзү токтолуп калган кезде биринчи жолу чыныгы сүйүүгө кабылган. Бирок, ал сүйүүсү жоопсуз болуп, өзүнөн 3 жашка улуу Жесика башка жигит менен басып кетет. Ошондо “экинчи кыздарды сүйбөйм” деп өзүнө катуу сөз берген Уилл көп узабай Шерри Зампино аттуу кыз менен жолугуша баштайт. Алардын ысык мамилеси 1992-жылы баш кошуп, бирге түтүн булатууга алып келет. Жыл айланып Шерри актёрго Уилард Смит III (же жөн гана Трей) аттуу уул төрөп берет. Анткен менен чогуу жашагандарына 3 жыл толгондо, тагыраак айтканда, 1995-жылы жубайлардын ортосун суук сезимдер, таарынычтар жана түшүнбөстүктөр бөлүп, акыры ажырашып кетишет.
Ажырашуудан кийин 2 жылдай убакыт бойдок жүргөн актёр 1997-жылы эски таанышы жана эски сүйүүсү Жаде Пинкетт аттуу айымга баш кошот. Уилл Жаде менен алгачкы кинотасмасында эле таанышкан. Кинодо каармандын сүйүктүүсүнүн ролун жаратуу үчүн келген Жаде актёрго тез эле жагып калат. Бирок, режиссёрлор аны «Уиллге дал келишпейт» деп албай коюшкан. Себеби, дене мүчөсү чоң Уилл Смит менен өтө арык жана кичинекей Жаде чынында эле камера алдында суктанаарлык жубайлардын образын жарата алышпас эле. Бирок, чыныгы турмушта алар көпчүлүк көз арткан ынтымактуу үйбүлө. Ортолорунда Жейден Кристофер Сир аттуу уулу жана Уиллоу Камилла Рейн Смит аттуу кызы бар. Жаде киного тартылып (“Матрица” тасмасынын 2-3-бөлүктөрүндө тартылган), үйдө жакшы кожойке болуп гана тим болбостон, 2004-жылдан бери ырчы катары да эл алдына чыгып келет.

Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 301, 8-14-август, 2008-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан