Жакында АКШнын соту Голливуд актёру, “Биллди өлтүрүү”, “Донни Браско” тасмаларында башкы ролду ойногон Майкл Медсенди кармоого буйрук берди. Актёр балдарын багууга каражат бербей, анын мурунку жубайлары сотко арыз менен кайрылууга мажбур болушкан. 5 баланы багуу үчүн 570 000 доллар акча жумшалмак. Алимент төлөбөгөнү үчүн айыпталып жаткан актёр белгиленген күнү сот жыйынына келбей калды. Андыктан аны кармоого ордер берилген.