КСДП+«РЕСПУБЛИКА»=ЖАҢЫ ШАЙЛОО
Узун кулактардын айтканына ишенсек, “Ата Журт” 22-мартты күтпөй эле коалициядан чыкканы калыптыр.
(«Алиби», №17)
БАКИЕВДИН ДЕГИ КАНЧА ТОКОЛУ БАР?
Коомдук телерадиоберүүнүн гендиректорунун мурдагы орун басары Асел Мамбетова биз билгенден жакында Беларуска жашыруун барып, экс-президент менен эзиле сырдашканы боюнча күбөлөр чыгууда.
ЖАҢЫ КОАЛИЦИЯ “АТА ЖУРТСУЗ” ТҮЗҮЛӨБҮ?
Ахматбек Келдибеков менен Камчыбек Ташиевдин шантаж оюндары тажатканбы, соңку күндөрү КСДП, “Республика”, “Ар-намыс” жана “Ата Мекен” партиялары биригип, жаңы, кеңейтилген коалиция түзүшөрү тууралуу кептер күчөдү.
(«Учур», №11)
КУРМАНБЕК АКА «ПРЕЗИДЕНТ БОЛОМ» ДЕЙБИ?
«Ата журтчу» депутат Курманбек Осмонов келерки президенттик шайлоого катышууга дымак байлап жатыптыр.
(«Асман press», №9)
ЖКда ЖАҢЫ “БРИГАДА”
Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жаңы “бригадага” кошулгандары жөнүндө кептер айтылууда. Алар баягы коалицияны уратууга киришкендер: Нариман Түлеев, Марат Султанов, Равшан Жээнбеков, Садыр Жапаров экен.
АХМАТБЕК КЕЛДИБЕКОВ КАН ДОСУН УУЛАНДЫРДЫБЫ?
15-март күнү Камчыбек Ташиев күтүүсүздөн ууланып, врачтардын колуна түшкөнү жөнүндөгү кабар чагылгандай тараган. Ташиев ууланганга чейин Ахматбек досу баш болгон табакташтары менен отуруп, өзүн жаман сезе баштаган.
(alaman.kg)