Түркиялык курулуш фирмасы 2011-жылдын 20-майынан тарта Бишкек шаарында борбордук мечиттин жаңы имаратынын курулушун баштоого даяр. Алар Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинин уруксатын гана күтүп жатышат. Булар тууралуу түркиялык “Кайа ханлар” курулуш фирмасынын өкүлү Кыргызстандын муфтийи Чубак ажы Жалилов менен болгон жолугушууда билдирди. Курулуштун болжолдуу баасы 10 миллион долларды түзөт. Мечит эки жарым жылда курулуп бүтөт.