Канадалык рок ырчы Брайан Адамс 51 жашында биринчи жолу балалуу болуу алдында турат. Ал мурдагы өзүнүн ассистенти Алисиянын кош бойлуу экендигин жакында эле билген. Буга чейин бир да жолу үйлөнүп, балалуу болбогон ырчыга бул жагымдуу жаңылык эле. Ата болом деп сүйүнгөн Брайан Адамс азыр Алисия менен чогуу жашоодо. Ал эми наристе май айында жарыкка келет.