Атактуу ырчы Анжелика Варум сахна менен коштошту. Дайыма үй-бүлөсүнөн алыста гастролдоп жүрүү ырчыга жакпай калган өңдүү. Анткени ал көпчүлүккө “көп убактымды жолдошум Леонид Агутинге жана кызыма бөлгүм келет” деп билдирген. Мындан улам үй-бүлөсү үчүн карьерасын таштап жатканын билсек болот. Ошондой эле ырчы «коштошуу кечесин уюштурбай эле сахнадан кетем» деп айтты.