АПТА ХРОНИКАСЫ

102 билдирет

БАШЫНА ОК ЖЕП КАЗА БОЛДУ
2011-жылдын 16-мартында борборубуздагы ооруканалардын бирине башына ок тийген 20 жаштагы М.Ш. түшкөн. Ал ооруканага түшкөндөн кийин өзүнө келбей жатып каза болгон. Милиция кызматкерлери изин суутпай “киши өлтүрүүгө шектүү” деп Бишкек шаарынын тургуну, 21 жаштагы К. аттуу жаранды кармаган. Маалыматтар боюнча, өлгөн адам башынан газ-травматикалык тапанчадан жарат алган. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери 9 миллиметр калибрлүү Макарыч МР 79-9 ТМ газ-травматикалык тапанчасын табышкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

ПАРА АЛА КОЁМ ДЕП КОЛГО ТҮШТҮ
Талас ОИИБинин укук коргоо кызматкерлери тарабынан үстүбүздөгү жылдын 18-мартында Бакай-Ата райондук кеңешинин кызматкери пара алып жаткан жеринен колго түштү. ИИМдин басма сөз кызматынын билдиришинче, Талас облусунун тургунунан мурунку иштеген жумуш ордунда калтырам деп 100 000 сом талап кылып, акчаны алып жатканда колго түшкөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

БАРЫМТАГА АЛЫП, АКЧА ТАЛАП КЫЛЫШКАН
Чүй облустук милиция кызматкерлери тарабынан “барымтага алып, акча талап кылган” деген шек менен 26 жаштагы З. жана 24 жаштагы М. колго түшүрүлдү. Шектүүлөр 16-мартта Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин 39 жаштагы жашоочусун Төмөнкү Серафимовка айылындагы үйдө жарым сутка барымтада кармап, «акча таптырасың» деп коркутушкан. Жабырлануучуну түркүккө байлап, коркутуп-үркүтүп, сабап, жанындагы акчасын алып коюшкан. Кармалгандар убактылуу камоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

ЖАЛГАН ТЕРАКТЧЫ КАРМАЛДЫ
2011-жылдын 21-мартында саат 9:45те Ош ШИИБине белгисиз бирөө телефон чалып, “Майрамыңар менен! Бүгүн Ош шаарынын аэропортунда теракт болот. Аллоху Акбар!” деп телефонду коюп койгон. Укук коргоо кызматкерлери тарабынан тез арада шектүүнүн ким экендиги, аны кармоо боюнча жана ошол эле мезгилде коопсуздук иш-чаралары жүргүзүлгөн.
Аэропорттогу жүргүнчүлөрдүн тизмеси, жүгү текшерилип, жарылуучу заттын жок экендиги билинген. Чалуу жалган экени, телефон чалган адамдын аты-жөнү аныкталган. Шектүү делген Ош шаарынын 22 жаштагы И. аттуу тургуну укук коргоо кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында түнү Ош шаарынан кармалган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

БАҢГИЗАТЫ МЕНЕН КАРМАЛДЫ
Чүй облусунун Беловодск айылында Орусиянын жаранынын үйүнөн баңгизаттары табылды. Милиция кызматкерлеринин оперативдүү издөө иштеринин натыйжасында 2011-жылдын 20-мартында Орусиянын жараны, 33 жаштагы Б.Снын Беловодск айылындагы үйүнө тинтүү жүргүзүлүп,
168 грамм героин, 3 грамм гашиш жана 1 литр 900 грамм суюк героин табылып, тартылып алынды. Кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

101 билдирет

ӨРТ КИШИНИН ӨМҮРҮН АЛЫП КЕТТИ
2011-жылы 16-мартта саат 22:50дө Ош шаарындагы Совет көчөсүнүн тургуну Н.Сегурованын үйүнөн өрт чыккан.Өрттү өчүрүшкөндө үйдөн үйдүн ээсинин тууганы, 1985-жылы туулган Е.Попелешконун сөөгү табылган. Өрттөн шыптын 18 чарчы метри, үч диван күйүп кеткен. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

ӨРТТӨН КАЗА БОЛДУ
2011-жылдын 16-мартында Ысык-Ата районунун Юрьевка айылынында болгон өрттөн адам каза болгон. Айылдын Токмок көчөсүнүн 123-үйүндө белгисиз себептерден улам өрт чыгып, келген өрт өчүрүүчүлөр үйдүн ээси, 1934-жылы туулган В.Шинкаревдин сөөгүн табышкан. Ал 3-топтогу майып болгон. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

САРАЙ КҮЙҮП КЕТТИ
2011-жылдын 16-мартында Бишкек шаарынын Ак-Тилек жаңы конушунун Чамгарак көчөсүндөгү З.Нурбаевдин сарайынын 30 чарчы метри күйүп кеткен. Өрттүн себеби такталууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 438, 25-31-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан