Негедир турмуш куруп балалуу болгондордун бардыгы эле “Балама”, “Кызыма” деп ырдап калышчу болду. Алардын катарында ырчы Назми да бар. Кечээ эле баланын жытына мас боло “кыздуу болдум” деп кубанып жүргөн ырчынын кызы 1 жашка чыгайын деп калыптыр. Андыктан учурда тушоо той өткөрүүгө камынып жатканын билдирди. Ошондой эле сөзүн Айбек Карымов жазып берген “Кызыма” деген ырына клип тарттырууда.