Көптөн бери бала жытын эңсеп келген «Кыз-Бурактын» мурдагы ырчысы Гүлнара Калдарова эне болуп, жолдошу Мырзабек экөө кубанычтын коюнунда. 5-март күнү 2 килограмм 500 грамм салмактагы ымыркай жети айлыгында жарыкка келген. Бала жытына мас болуп турган ырчы айымга бешик боо бек болсун, Аяна артынан ини-сиңдилерин ээрчитип келе берсин дейбиз.