– Темир Назаров менин эле эмес, көпчүлүк кыздардын сүйүктүү ырчысы болсо керек. Жакында эле биздин бир туугандарыбыз Темирди тоюна чакырган экен, продюсери «Эми Темир ырдабайт. Ошондуктан, тоюңарга бара албайт» дептир. Кантип эле ошондой болсун? Эмнеси болсо да ушунун чын-төгүнүн билип бериңиздерчи?! Биз, Темирдин күйөрмандары сүйгөн ырчыбыздын сахнадан көрүнбөй калышын каалабайбыз. Назгүл, Бишкек.
Темир Назаров:
– Сиз мен жөнүндө уккан маалыматыңызды туура эмес түшүнүп алыптырсыз. Мен болгону эки айча сахнага чыкпай турайын деп чечтим. Анткени, жайында элдин баары эс алган сыяктуу мен дагы эс алайын да. Ошондуктан, азыр той-концерттердин баарынан баш тартып жатам. Буюрса, күзүндө кайрадан сахнадан жолугабыз. Анда мен чыгармачылыкка жаңы күч, жаңы эргүү менен келем деп күйөрмандарыма сөз берем.
НУРЗАТ КАЙРАДАН ЭФИРГЕ ЧЫГАБЫ?
– «Хит-парад» телеконкурсунун мурунку алпаруучусу Нурзат Токтосунова теледен кеткенде биз үйбүлөбүз менен аябай кейиген элек. Жакында бир жакшы жаңылык уктук. Нурзат кайрадан телеге кайтып келип, кайсы бир телеберүүнү алып барат экен. Ушул чынбы? Дамира, Бишкек.
Нурзат Токтосунова:
– Менин телеге кайтып келээрим чын. Мага «Браво» аттуу теледолбоорду алып барууну сунушташты эле, телени сагынып араң жүргөн жаным дароо эле макул болдум. Буюрса, күйөрмандарым мени кайрадан эфирден көрүшөт.
«МИНИСТРДИН КЫЗЫНЫН МАХАБАТЫН» ДАГЫ КАНЧА КҮТӨБҮЗ?
– Рустам Аташов тартып жаткан «Министрдин кызынын махабаты» аттуу сериалды май айынын аягында көрөбүз деп күтүп жаттык эле. Анткени, гезитке берген интервьюсунда режиссёр өзү ушинтип сөз берген. Тилекке каршы, ал фильмди алиге чейин көрө албай келебиз. Күткөн фильмибизди качан эфирден көрө алабыз? Рустам Аташовдун өзүнөн сурап бере аласыздарбы? Тимур, Токмок.
Рустам Аташов:
– Фильмди май айынын аягында бүтөт деп убада бергеним чын. Сөзүмө туруп, айтылган убагында бүтүрдүм. Тилекке каршы, азыр бардык кинотеатрлар бош эмес болгондуктан, фильмди көрсөтө албай калдым. Буюрса, сентябрь айында көрсөтүүгө даярданып жатам. Андыктан, эч кам санабаңыз.