КРнын Эмгек сиңирген артисттери Чырмаш Төрөбеков, Бакыт Шатенов жана Ырыскелди Осмонкулов “Өскөн жер” деген трио түзүштү. Учурда үчөө жер-жерлерди кыдырып, эч кандай фонограммасыз, жандуу үн менен концерт беришүүдө. Жакында эле Ысык-Көлгө концерт коюп келишкен болсо, эми түштүккө сапар тартканы турушат. Классика, фольклор, эстраданы бир алып кетебиз деген таланттарга “азаматсыңар, жандуу ырдагыла, жандуу!” дегенден башка сөз жок.