Бир бүркүм... ӨЛКӨДӨ 30дай КЫЛМЫШТУУ ТОП БАР...

  • Казакстан менен Кыргызстандын чек арасында 24-мартта 4 баллга жеткен жер титирөө болуп өттү.
  • ЖКда парламенттик көпчүлүккө кирген 3 фракциядан Коалиция кеңеши түзүлдү. Ага фракциянын лидерлери жана ага кирген партиялардан 3 депутат кирет.
  • Былтыркы жылы республикабызда 245 миң жеке ишкер бар экени катталган.
  • Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күйүүчү майдын жетишсиздигинен АЗСтер убактылуу жабылууда.
  • Пакистан менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү былтыркы жылы 4 миллионго чукул долларды түзгөн.
  • Европа союзу Кыргызстанга экономикалык колдоо көрсөтүү үчүн 35 миллион евро бөлөт.
  • Вице-премьер Шамиль Атахановдун айтымында, өлкөдө 30га жакын туруктуу кылмыштуу топ бар, алар баңги-заттарын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенишет.
  • Японияга гуманитардык жардам иретинде Кыргызстан 2 миң 557 литр таза суу жөнөттү.
  • Индияда 25-26-мартта эл аралык жогорку технологиялардын “IndiaSoft-2011” көргөзмөсү өтөт. Ага мекенибизден бул тармактагы адистер жана ишкерлер катышат.
  • Орусиялык серепчилердин баасы боюнча, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна 3-4 миллиард доллар керек.
  • Казакстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министри Жанар Айтжанов Кыргызстандын Бажы союзуна кошулушу оор процесс экенин айтты.
  • Жыл сайын 18 миң мекендешибиз жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам көз жумат.
  • Жалал-Абад облусуна караштуу Майлуу-Суу шаардык кеңешинин депутаттары мэрдин милдетин аткаруучу Тургуналы Ариповдун кызматтан кетүүсүн талап кылышты.
  • Вице-премьер Өмүрбек Бабанов жеке маселелери боюнча кайрылган жарандар менен жолугушуу өткөрдү.
  • Быйылкы жылдын башынан бери өлкөдө жаш балдар катышкан 116 жол кырсыгы болуп өтүп, анын натыйжасында 9 бала көз жумган. Андыктан Жол кыймылынын коопсуздугу боюнча башкармалык учурда жаш балдар эс алууда болгон үчүн алардын ата-энелерине сак болууну эскертет.
  • Бул аптада Википедия жумалыгы өтүп жатат. Бул демилгенин максаты Кыргызстанда виртуалдуу Википедия энциялопедиясын жайылтуу болуп саналат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
chopa1971
2011-03-26 01:39:24
Жакшы жазылыптыр
0
№ 438, 25-31-март, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан