Баткен облусундагы чек ара маселеси ушул күнгө чейин курч бойдон калууда. Депутат Назарали Арипов: “Баткенге "өзгөчө чек ара аймагы" макамын берүүчү мыйзам долбоорун кабыл албасак, абал, чындыгында, татаал болуп турат. Андагы Лейлек районуна караштуу Максат айылында эле 37 гектар жерди Тажикстандын жарандары ээлеп алышыптыр”,- дейт. Буга жумушсуздуктун айынан аймактын жергиликтүү тургундары көчүп кетүүсү себеп.