Башкы прокуратура сегиз автоунаа сатып алууга тендер жарыялады. Тактап айтсак, Lexus LX470 үлгүсүнөн бирөө, Toyota Camry машинасынан үчөө жана Daewoo Nexia автомобилинен төртөө керек. Бул унаалардын алды базарда 40 миң долларды чапчыса, арты 8 миң доллар турат. Апрель окуясында Башкы прокуратуранын имараты өрттөлгөнү маалым. Буларды иш орунсуз калды десек, кызматтык унаалары да жок калганын билбептирбиз.
Минтип бюджеттин чыгымын азайта албай турганда айрым аткаминерлердин чоң кекиртегине тобо дейсиң.