КСДПнын депутаты Бахтияр Кадыров белгилүү кримавторитет Камчы Көлбаевдин уулу Нурсултан Асанбеков окуучусу экендигин айтты. Эл өкүлү парламентке келгенге чейин Бишкек шаарындагы №29-орто мектебинин директору болгон. Бирок маселе башкада.
Бахтияр Кадыров Ысык-Көлдөн келе жатканда кокусунан жолдо өзүнүн окуучусун байкап калат. Н.Асанбековдун машинасына милиция кызматкерлери тинтүү жүргүзүп жаткан жеринен эл өкүлү укук коргоочуларга тоскоолдук жаратат. Айрым маалыматтар боюнча, ал өзүнүн депутаттык укугу менен коркутууга чейин барган. Бул окуядан соң ИИМ өкүлдөрү депутат менен байланышка чыкпаганын айтты. Бахтияр мырза мурунку окуучусу Камчы Көлбаевдин уулу экендигин билген эместигин кабарлаган.