Бир бүркүм... СУПЕРКУБОКТУ «НЕФТИЧИ» МЕНЕН «ДОРДОЙ» ТАЛАШАТ

  • 9-апрелде Кантта футбол боюнча КРнын Суперкубогу үчүн бишкектик «Дордой» (былтыр КРнын кубогун жеңген) жана кочкор-аталык «Нефтичи» (былтыр КРнын чемпиондугун жеңген) күч сынашат.
  • 26-мартта КТРК мини-футбол боюнча ММКлар арасында мелдеш уюштуруп, өзү жеңип алды. 2-орунду НБТ ээлесе, 5-каналдын журналисттери коло медалга илинишкен.
  • Самбо боюнча Анатолий Харлампиевдин элесине арналган Москвадагы дүйнөнүн суперкубогунда мекендешибиз Муса уулу Тилек күмүш медалга татыды.
  • Кышкы Азиадада ийгилик жараткан хоккейчилерибизге (шайба боюнча) сиңирген эмгектери үчүн сыйлыктар ыйгарылды. КРнын шайба менен хоккей ойноо федерациясынын президенти Анарбек Оморкановго Даңк медалы, курама команданын башчысы Бактыбек Иманалиев менен капитаны Рамис Токталиевге Ардак грамоталары тапшырылды.
  • Табылды Эгембердиев КРнын Ордо оюну федерациясынын президенти болуп шайланды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 439, 1-7-апрель, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан