Астанада өткөн “Шабыт-2010” конкурсунда 3-орунду ээлеп келген ырчы Силима М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына мугалим болуп орношту. Устаты Жамиля Муратова менен учурда кесиптеш болуп, окуучуларга вокалдан сабак берүүдө. Ошондой эле орусча “Будь со мной” ырына Өзбекстан менен Кыргызстандын аймактарынан клип тартууга камынууда.