Төкмө акын Аалы Туткучев филармониядагы кызматынан бошотулду. Маалыматтарга караганда, жетекчилик менен болгон ыйкы-тыйкы таарынычтардын аягы Аалынын жумуштан кетишине себеп болгон көрүнөт. Филармонияда “ээрде” Керим Турапов отурганда кетпеген Аалы айылдаш агасы Замирбек Үсөнбаев отурганда кеткени баарына кызык болууда. Аалы Туткучев “Эл ырчысы Эстебес” тобун жетектеп келчү. Узун кулактардын айтымында, Мир байкебиз “бул топту жоём” дегенде жыландын башы кылтыйган окшойт. Атактуу акындар топ талашыппы же бири-бирин жини сүйбөйбү, айтор, ортосунда жарака жаралганы жаман иш болду.