27-мартта “Достук” фондунун демилгеси менен Москвадагы Кино үйүндө кыргыз-орус тилинде КВН өттү. КВНге РУДНден “КG рулит”, Москва Энергетика институтунан “Бир гана кымыз”, Питерден “Жаңы кыргыздар”, Омск шаарынан “Жаңы муун” жана Казань шаарынан “Майлуу казан” командалары катышышты. Бул КВНдин алпаруучусу жана редактору Эрмек Нурбаев болду.