“Кыргызстан Обондору” радиосунун мукам үндүү ди-джейи Нурзада Жолдошова мүчөл жашында кызыл түстүү Мазда 121 үлгүсүндөгү унаа сатып алды. Нурзада “жумушта режиссёрлук пультту башкарганым менен унаамды башкаруудан коркуп турам. Азырынча ал короомдо эле токтоп турат” дейт. Ди-джейге эртерээк айдаганды үйрөнүп, жол тыгынын жаратпай, Бишкектин көчөлөрүндө зуулдата айдап жүрүшүн каалайлы.