“Элес” эстрада тобу түзүлгөнүнө 25 жыл болду. Топ юбилейлик датанын урматына 31-март жана 1-апрель күндөрү Улуттук филармонияда концерт өткөрүшмөкчү. Концертке “Элестин” эски курамынан Ырыскелди Осмонкулов, Мухтар Макешов, Эркин Мукашев, Адиль Чекилов жана Нурлан Мамбетов катышышмакчы.