Президент Роза Отунбаеванын жарлыгы менен Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Кубатбек Байболов кызматтан алынып, ордуна президенттин парламенттеги өкүлү Аида Салянованы дайындоо чечими кабыл алынды. Байболовдун кызматтан алынышына анын жубайы Н.Байболова менен «Сарамжал Транс» фирмасынын ортосундагы сатуу-сатып алуу иштери себепчи болбой койгон жок. «Сарамжал Транс» «Альфа Телекомдон» (Мегаком) финансы каражаттарын алып чыгуу максатында түзүлгөн фирма деген шек бар.
Баш прокуратурага «Альфа Телеком» ЖАКсына байланыштуу козголгон кылмыш иштерин тергөөгө көзөмөл жүргүзүү укугу берилгенин эске алганда моралдык-этикалык жактан К.Байболовдун бул кызматта турганы туура эмес. Компаниянын жана Баш прокуратуранын айланасындагы чуулгандуу иштерге чекит коюу үчүн президент Байболовду кызматтан четтетүүгө аргасыз болду.