Кыргызстандын парламентаризмди кабыл алышын, кыйынчылыктарга карабай авторитаризмди кулатышын Евробиримдик жылуу кабыл алды. Ошондуктан Евробиримдик кезексиз жыйынында Кыргызстанды мүчөлүккө кабыл алды. Муну менен мамлекетибиздин экономикасынын өсүшүнө, биримдикке мүчө болгон өлкөлөргө визасыз каттоого, иштөөгө жол ачылат. Орусиянын көчөлөрүн шыпыргандан бир топ өйдө, абройлуу жумуш орундарына орношууга болот.
Ошондой эле 2012-жылдын 1-январынан тартып улуттук валютабыз сомдон еврого өтөт. Баса, Евробиримдикке кирген өлкөлөрдөгү орточо айлык акы 1000 еврону түзөт. Демек, Кыргызстан Евробиримдикке кабыл алынуу менен жогорудагы айткан стандартка жетүүгө чоң кадам таштады! Мына сага, кыргызга кой үстүндө торгой жумурткалаган заман келет деген ушул! 1-апрель Күлкү күнүңүздөр менен!